Бул китеп — автордун тунгуч жыйнагы. Жаш талапкерге мүнөздүү касиет: ада.биятка жасаган мамилесинин олуттуу боло башташы, профессионалдык кадыресе даярдыгы менен бирге, адамдарга айтар өз сөзү бар экендиги, чыгармаларынын формасы, мазмуну, стилистикасы шаймашай чыгышы үчүн көрүлгөн аракеттин жемиштүү натыйжасынын байкалышы. Жыйнакка жаш жазуучунун мезгилдүү басма сөздөрдө жарыяланган ар кыл ангеме, публицистикалары менен бирге лирикалык маанайдагы чакан повести кирди.